• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Жөө күлүк" тасмасы Минсктеги эл аралык кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык "Жөө күлүк" тасмасы Минскте (Беларус) өтө турган "Листопад" эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 1-8-ноябрь күндөрү Минскте болуп өтөт. Анын алкагында көрүүчүлөргө дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн тандалып алынган 154 тасма көрсөтүлөт.

Көркөм тасмалардын башкы сынак бөлүгүндө 12 тасма көрсөтүлөт. Ал 12 тасманын ичинде кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий