• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жөө күлүк Виктория Полюдина Астанадагы марафондон жеңишке жетишти

Спорт 0

Бишкек, 28.08.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Кыргызстандык спортчу жеңил атлетика боюнча Виктория Полюдина Астанада өтуп жаткан марафондон жеңишке жетишти. Ал 42 чакырым 195 метрди 02:37:45 секунд аралыгында чуркап өткөн.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, күн мурун Астана (Казакстан) шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эл аралык марафону болуп өттү.

Анда, 50гө жакын спортчу катышып, жарышка 5 миңге жакын адам катышкан.

Алар, 42 жана 10 чакырым жана 2017 метр аралыкка жарышка чыгышкан.

Баш байге 13 миң АКШ долларын түздү.

Пикир

Оставить комментарий