• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жөө күлүктөр Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүштү

Спорт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-ноябрынан 9-декабрына чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү окуу-машыгуу жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Спортчулардын тизмези:

10-декабрдан 4-декабрга чейин:

  1. Илья Тяпкин, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
  2. Мария Коробицкая, ЭДСЧ;

15-ноябрдан 9-декабрга чейин:

  1. Дарья Маслова, ЭДСЧ;
  2. Адилет Кыштакбеков, ЭДСЧ;
  3. Жоодар Кочконбаев, спорт чебери;
  4. Бердигул Айтпай уулу, спорт чеберине талапкер;
  5. Аман Момуналиев, СЧТ;
  6. Бексултан Абдыкадыров, СЧТ;
  7. Виктория Полюдина, ага машыктыруучу.

Спортчулар 2020-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындардын календарлык планына ылайык, эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан окуу-машыгуу жыйынга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий