• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жүк ташуучу унаалар үчүн өткөрмө уруксат кагазы жоюлуп, алар посттордон тоскоолдуксуз өтө алат – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Жүк ташуучу унаалар үчүн өткөрмө уруксат кагазы жоюлуп, алар посттордон тоскоолдуксуз өтө алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, кечээ республикалык ыкчам штабдын отуруму өтүп, анда жүк ташуучу унаалар үчүн өткөрмө кагаздарын жоюу чечими кабыл алынып, ал унаалардын санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүүсү каралды.

"Буга байланыштуу посттордо турган кызматкерлерге дары-дармек жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган бардык жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча тапшырма берилди", - деди ал.

Ошондой эле ал шаар ичинде унаа каражаттарынын жүрүүсү үчүн уруксат кагаздарын алуу электрондук түргө өткөнүн эскертип, ага 3 миң 800 арыз келип түшкөнүн айтып өттү. Учурда ал арыздардын 211и жактырылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий