• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдоого шектелген топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагында жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдоого шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, акыркы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдаган учурлар аймактарда көп катталган.

Сентябрь айында милицияга Нарын районунун тургуну кайрылып, үйүнүн жанында токтоп турган "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган учурга окшош фактылар башка аймактарда дагы катталгандыктан, муну бир эле кылмыштуу топ жасап жаткан болушу мүмкүн деген божомолдор болгон.

"Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында мүлктөрдү уурдоого байланышкан 30 ашык кылмыш ишинин бети ачылды. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында мыйзамга каршы иштерди жасап жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Жакында ИИМдин жана Нарын облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери аккумуляторлоду уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо операциясын жүргүзүштү. 2-октябрь күнү Бишкек шаарында бир катар кылмыштарды жасоого шектелип, Манас районунун (Талас облусу) тургуну 21 жаштагы И.А., Кара-Буура районунда (Талас облусу) жашап жүргөн 22 жаштагы С.Б. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөр айдап жүргөн "Ауди" унаасынын ичинен 8 аккумулятор табылган. Андан бир күн мурда Талас облусунда оор жүк ташуучу унаалардан аккумуляторлор уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөрдү кармоо учурунда үчүнчү кылмышкер изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан кармалды. Ал Кара-Буура районунун 22 жаштагы К.А. аттуу тургуну болгон", - деп билдиришти министрликтен.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандардын оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдоо боюнча 31 учурга тиешеси бардыгы аныкталган.

"Алсак, шектүүлөрдүн Нарын облусундагы 12 учурга, Чүй облусундагы 9 учурга, Талас облусундагы 7 учурга, Ысык-Көл облусундагы 3 учурга тиешеси бар. Далил катары шаардын четиндеги базарлардын биринен 7 аккумулятор табылып алынды. Шектүүлөр уурдалган аккумуляторлорду базарга алып барып, сатып жүргөндүгү белгилүү болду. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланып, кармалган жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы бардыгы текшерилип жатат", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий