• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген Төө-Ашууда кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Төө-Ашууда кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

“Аба ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда саат 18:00дөн тартып Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий