• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жүк ташуучу жеке жактар техникалык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилет

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда жеке жүк ташуучулар техникалык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, бардык башка унаа транспорттору бул процедураны өз эрки менен өтүшөт.

“Мындан тышкары биз унааны техникалык текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүн боло турган тиешелүү диагностикалык борборлорду лицензиядан өткөрүүнү пландап жатат. Буга чейин айдоочуларга мөөр басып, кол коюп берүү өтө жеңил болчу. Азыр аны татаалдантып сапаттуу техникалык көзөмөлдөн өткөрүү сунушталууда. Бул ар кандай күтүлбөгөн кырдаалда административдик жоопкерчиликтен кылмыш ишин ачууга чейин алып баруу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ошондой эле, кайрадан башкача кылып жабдылган унаа транспортторуна мыйзамсыз маалымкат бергендерге атайын норма киргизүү каралууда”,-деп билдирди Разаков.

Пикир

Оставить комментарий