• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жүк ташуучулардын маселеси чечилет деп үмүттөнөбүз". Сыдыков Токаевдин Бишкекке визити тууралуу

Коом 0


Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Эртең, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков эртеңки визиттин жүрүшүндө жана жыйынтыгында көп нерселер күтүлүп жаткандыгын билдирди. "Биздин жүк ташуучулардын маселеси чечилет деп үмүттөнөбүз. ЕЭАБ чөлкөмүндө жүк ташуучулар кезек күтүп суткалап турбашы керек. Сугат, энергетика, өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралат деп күтүүдөбүз", - деди ал.

Сыдыков ошондой эле Токаевдин визитинин алкагында Токмокто соода инвестициялык комплексинин курулушуна капсула салына тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Казакстандын президентинин алдыдагы визитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий