• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жүк ташуучулардын тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн аларга өтүүгө уруксат берүүчү кагазды берүү жокко чыгарылды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүму билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө учурдагы абал, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоо багытында иш алып барган ишканаларга

жардам берүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Республикалык штабдын жыйынында жүк ташуучу унаалардын санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында аларга өтүүгө уруксат берүүчү кагазды берүүнү жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

«Ар бирибиз медицина кызматкерлеринин тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин түшүнүшүбүз зарыл. Анткени баарынан биринчи биздин вирустан тез арылуубуз жана анын кеңири жайылышына жол бербөө аларга көз каранды. Биз муктаж жарандарга жардам берүүгө өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы иштерди уюшкандыкта жүргүзүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоо керек. Ошондуктан дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоо керек. Алар үчүн жашыл коридор уюштуруу кажет. Тактап айтканда, жүк ташуулар үчүн эч кандай бөгөт болбошу зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев калктын социалдык аярлуу катмарына тамак-аш продуктуларын ташуу боюнча иштерди уюштуруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

«Ишти жакынкы күндөрү уюштуруу керек. Азырынча жарандарыбызда азык-түлүктүн запасы бар. Бирок биз алдын ала иштеп, биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракеттерин ыкчам тартипте күчтөндүрүүгө тийишпиз. Бир дагы муктаж үй-бүлө көңүл буруусуз калбашы керек», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ар бирибиздин жеке коопсуздугубуз үчүн зарыл болгон өзгөчө абал эрежелерин сактоо керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий