• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жүк ташуулардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга төмөндөдү – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Жүк ташуулардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, тез бузулуучу азыктарды ташуу үчүн жашыл коридорлор түзүлгөн. Ага карабастан, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөөсү 30 пайызды түздү, башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу жүк ташуулардын көлөмү 476 миң тоннага азайган.

“Кытай менен жүк ташуу 16-апрелден тарта “Эркечтам” өткөрмө пункту аркылуу аткарылып жатат, ал эми азыркы учурда “Торугарт” өткөрмө пунктун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жакынкы күндөрү ачылышы күтүлүүдө”, - дейт ал.

Министр белгилегендей, 20-апрелден 6-июлга чейин 219 жеке транспорт каражаты жардамга акысыз тартылган. Алар 2 миң 530 жаранды бүт облустарга акысыз ташыган.

Пикир

Оставить комментарий