• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жүк ташууну кантип уюштуруу керек? "Кыргыз темир жолунун" жообу

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы жүк ташууну кантип уюштуруу керектиги тууралуу маалымат берди.

Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, "КТЖ" ишканасы темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында, чарба жүргүзүүчү субъекттердин темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн жана Кыргызстандын калкынын жүргүнчүлөрдү ташуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлгөн.

Темир жол менен сиз дүйнөнүн каалаган жерине жүктөрдү жөнөтө аласыз, акыркы баруучу өлкөгө жана кыймылдуу составдын түрүнө жараша (вагон, 20 тонналык жана 40 тонналык контейнер).

Жеткирүүлөрдү жеңилдеткен ар кандай артыкчылыктар бар:

- Кыргызстандын түштүк аймактарында Өзбекстанга көмүр экспорттоого 40% жеңилдик;

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан багыты боюнча жана андан ары Азербайжанга, Түркияга жана Европага же Иранга жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө мультимодалдык ташууларды көбөйтүү үчүн чоң сыйымдуулуктагы контейнерлерди ташуу наркы 70%дан ашык кыскартылды (Кашгар-Ош-Анжиян маршруту боюнча);

- Өзбекстандын аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдү Кыргызстандын түштүк аймактарына/түштүк аймактарынан ташуу үчүн "Өзбек темир жолу" тарабынан 50%га чейинки өлчөмдөгү жеңилдик ;

- Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станциясында контейнердик поезддин курамында Иранга/Ирандан контейнерлерде жүктөрдү ташуу үчүн 90%га чейинки арзандатуу менен атайын тариф.

Жүк ташууга заказ берүү үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

- жүктү жөнөтүү үчүн жүк жөнөтүүчү “КТЖ” УК” Минин Маалыматтык-эсептөөнү камсыздоо боюнча филиалынан төрт сандуу темир жол кодун алышы керек;

- жүк жөнөтүүдөн мурда жүк жөнөтүүчү арыздын нускасын ишкананын Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнө жеткирет же kjd.kg расмий сайттан Интерактивдүү портал кызматын пайдаланып, "Маалыматтык кызматтар" бөлүмүндөгү ай сайын кабыл алган АС “Месплан” программасына 5 күн мурда жүк ташууга катышкан темир жол администрациялары менен пландоо жана макулдашуу үчүн бардык маалыматтарды киргизип, кайрылуу керек;

- Ар бир өтүнмө АС "Месплан" программасы аркылуу жүк ташуу макулдашуусунан өтүшү керек.

- Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмү тарабынан бул арыз жактырылгандан кийин жүктү жүктөөгө уруксат берген буйрук жөнөтүү станциясына жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий