• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жөлөкпул сындуу айрым жеӊилдиктерди муктаж болгон адамдар алышы керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Өлкө бюджетинин басымдуу бөлүгү социалдык багытта жумшалып келет. Мындай темп менен бара берсек, өлкөнү өнүктүрүүгө каражат тартыш бойдон кала берет. Ошондуктан, жөлөкпул сындуу жеӊилдиктерди муктаж болгон гана адамдар алышы керек. Ал үчүн социалдык коргоо тармагындагы коррупциялык жосундарды жоюу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев парламентте жөлөкпул боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди.

«Жарандарды социалдык коргоо жаатында орун алган коррупциялык жосундарды жойбосок болбой калды. Жөлөкпулду чынында эле муктаж болгон адамдар алышы керек», - деп, ал мыйзамды көптөгөн жарандар күтүп жатканын эске салуу менен, депутаттарды мыйзам долбоорун дароо эле эки окууда кабыл алып берүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий