• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен 3,8 млрд сом каржыланган – Соцөнүктүрүү министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен 3 млрд 803,5 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 503,2 миң адамды түздү. Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 339,2 миң адамды түзсө, “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 96,7 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 67,3 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,8 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түздү.

“Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 3 млрд 803,5 млн сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 1 млрд 735,7 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 1 млрд 795,9 млн сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 271,9 млн сом каржыланган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий