• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуунун эң жөнөкөй жолдору айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 07.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Америкалык кардиологиялык ассоциациясы жүрөк кан-тамыр ооруларын 79 пайызга түшүрүү үчүн жети эрежени айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости JAMA Network Open басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Ооруну алдын алуу үчүн: тамеки чегүүнү таштоо, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, салмакты көзөмөлдө, ошондой эле, кандагы сахардын өлчөмүн, кан басымын жана холестеринди көзөмөлдөө болуп эсептелинет.

Пенсильвания штатындагы университеттин окумуштуулары бул ыкманы изилдеп көрүштү. "Kailuan" аталышындагы изилдөөгө катышкан дээрлик 74 миң адамды көзөмөлгө алган. Каалоочулар үч жолу ар кандай клиникалык сыноодон өтүшкөн.

Адистер айтылган ар бир жети эрежеге бирдей мамиле кылууну айтат. Аталган эрежелердин баарын америкалыктардын эки пайызга жетпегени гана карманышат.

Пикир

Оставить комментарий