• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жүрөк-кан тамыр системасына кайсы мөмө-жемиш пайдалуу экени айтылды

Дүр дүйнө 0

Мөмө-жемиштердин жүрөк-кан тамыр системасына эң эле пайдалуусу кара моюл (черника — ред.) экенин news-medical.net басылмасы жазып чыкты.

Адистердин айтымында, кара моюл 84% суудан, 9,7% углеводдон, 0,6% белоктон жана 0,4% майдан турат.

Кара моюл клеткадагы кычкылдануу жана сезгенүү процесстерин алдын алат. Ошондой эле глюкозанын иштеп чыгуусун жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдигин азайтат.

Мындан сырткары, башка мөмө-жемиштерге салыштырмалуу анда антоциан, антиоксидант, флавоноид заттары, С жана Е витаминдери бар.

Кара моюлда антоциан затынын көбүрөөк болгону жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу болгон сезгенүү процессин азайтат.

Мөмө-жемиштин бул түрү организмдеги холестериндин бөлүштүрүлүшүн жөнгө салат.

Адистер күнүнө бир чай кашык мөмө-жемишти жеп турууну белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий