• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жүрөктөрдү багынткан Кыргызстан

Аналитика 0

Кыргызстан, Орто Азияда жайгашкан эң кооз өлкө. Кичинекей өлкө болгонуна карабастан, мында жашаган элдин пейили кенен. Бөтөн өлкөдөн келген туристтерди же болбосо бөтөн улуттан келген конокту жарык маанайда кучак жайып тосуп алуу менен бирге, үйүндө болгон, тапкан ташыганынын баарын дасторконго жая салып, меймандын көңүлүнө карап үч күн десе үч күн, он күн болсо он күн бапестеп багып, айылындагы кооз жерлерди эргүү менен көрсөтүү бир гана кыргыздын канында болсо керек. Ар бир мамлекеттен келген улутка өзгөчө көңүл бөлүп, өзгөчө мамиле жасоо кыргыздардын эң баалуу сапаттарынын бири деп ойлойм.

“Кабар” маалымат агенттиги кесибине, окуусуна же болбосо жумушуна байланыштуу Кыргызстанда көптөн бери жашаган же жашап кеткен чет элдиктердин Кыргызстан тууралуу кандай пикирде калганына кызыгып, алардын айрымдарына суроо салды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мурдагы баш катчысы жана Гуманитардык бөлүмүнүн ага окутуучу мүчөсү, доцент, доктор Хидайет Түнжай агайыбызга өлкөгө биринчи жолу келген убагындагы Кыргызстан менен азыркы Кыргызстандын айырмачылыгы тууралуу суроолорубузду узатканыбызда кыйла өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

“Кыргызстан менен Бишкектин 5 жыл мурдагы жана азыркы абалы бири-биринен бир топ айырмаланат. Биринчи жолу келгенибизде адатка айланган көз караш менен келгенбиз бул жакка. Бирок бара-бара бул көз караштар оң тарапка өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Алдын ала ойлогон көз караштарыбыздан кутулуп, чындык менен беттештик.

Кыргызстан абдан кооз өлкө жана алгач мен кириллицаны окуп, жазууда кыйналган болсом да, чындыгында өзүмдү маданиятына, каада-салтына жана жашоо шартына жат адам катары сезген жокмун десем болот. Чынын айтканда, бул кооз өлкө, көп жакшы нерселерге да бай. Албетте, коомдун жашоо шартындагы оң тараптуу өнүгүүлөргө күбө боло алдык. Балким муну бир канча мисал менен тактасак туура болот. Мисалы, акыркы беш жылда паракорчулуктун абдан азайгандыгын, чет элдиктерге дагы сылык мамиле жасалып жаткандыгын, күзөтчүлөрдүн жакшы мамилесин, адамгерчиликтүүлүгүн жана да чет элдиктедин паспортторунун ар качан текшериле бербегендигин, социалдык жашоонун да өнүгүп жаткандыгын, чет элдиктердин бул өлкөдө өздөрүн эркин алып жүрө алгандыгын айта алабыз.

Шаарларды, мамлекетти, айлана - чөйрөнү кооз кылган - имараттар эмес, адамдары экендигине басым жасаган Хидайет мырза: “Жалпылап айтканда, акыркы беш жылда Бишкекте жана боордош өлкөбүз – Кыргызстанда бизди ыраазы кылган оң тараптуу өнүгүүлөр болду. Биз Кыргыз боордошторубузду абдан жактырдык жана чогуу жашаган коом менен жакшы мамиледе болууга аракет кылдык. Эң башкысы боордош улуттун индивиддери экендигибизди такыр унуткан жокпуз. Ошондой эле, Кыргызстандын жана Кыргыз боордошторубуздун чоң-чоң ийгиликтерге, өнүгүүлөргө жетишүүсүн чын жүрөктөн каалайм" - деген ойлору менен бөлүштү Х.Түнжай.

Кесибине байланыштуу Кыргызстандын көп жерлерин көрө албагандыгы үчүн өкүнгөн агайыбыз Ысык-Көлдү, Кырчын жайлоосун жана Ош шаарын көрүүгө мүмкүнчүлүгү болбогонун айтты.

“Ысык-Көл чындыгында табияттын керемети, суусун, климатын абдан жактырдым. Эң сонун эс алдыруучу чөйрөсү жана абдан таза, укмуш абасы бар.

Өзгөчө Кырчын жайлоосун 2014-жылы сентябрь айында Биринчи Көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн кезде көрүп, абдан жактырган болчумун. Табияттын табигый абалы жана эч бузулбагандыгы мага өзгөчө таасир калтырган эле. Ош шаары - тарыхый шаар. Ошол тарыхый жана салттуу көрүнүшүн бузбай сактап, улантат деген ишеничтемин. Адамдар жакшы, сылык мамиледе, тамактары даамдуу жана кооз шаар " – деди ал.

"Шашлык жана куурдак абдан жакты.

Тамактан да дасторкон жасалгасына, тамактын сунулуусуна, кыргыздын улуттук меймандостугуна таң калдым.

Ошол себептен өзүмдү жат адам катары сезген жокмун. Суусундуктардан кымызды бир канча ирет ичүүгө аракет кылдым бирок ичип көнбөгөндүгүм үчүн көп иче албадым. Ал эми мөмө ширеси жана жергиликтүү суусундуктар аябай жакты.

Түркияда жалпысынан жылкынын эти желбейт. Алардын ишеними боюнча жылкы ыйык жаныбар, себеби согуштарда адамдардын канаты катары кызмат өтөп, көп кырсыктардан сактап келген. Кыргыз элинин жылкы этин жегенин укканда абдан таң қалышат. Бирок, өлкөдө жылкы этин жегендин таң қалыштуу эместигин, себеби бул жөнүндө мурдатан маалыматы болгондугун айткан Хидайет мырза өзү буга таң калбагандыгын айтат. “Себеби бул боордош өлкө Кыргызстандын улуттук каада-салты. Муну кабыл албоо туура эмес деп ойлойм. Кыргызстанга келгенге чейин эле билчүмүн. Анын үстүнө мен да той- топурларда, жакшылык-жамандыктарда көп эле жолу жеп көрдүм. Абдан даамдуу жана пайдалуу экен"- деген оюн билдирди.

- Маданиятыбызда сизди таң қалтырган нерсе эмне?

Негизи чынын айтканда “таң қалыштуу” дебейли, оң сын көз караш менен карай турган болсок, туура келген же туура келбеген белгилүү өзгөчөлүктөр бар. Алар: адамдардын абдан оор басырыктуу жана тамашалоо сезиминин башкача экендиги; салттардын жана тилде колдонулган бир топ сөздүн Түркия түркчөсү менен болгон окшоштуктары; өзгөчө уңгу жана атоочтордун окшоштугу мекендешим менен маектешип жаткандай сезим калтырды. Мага абдан таң калыштуу болгон нерсе тойлордогу узун лимузин унаалары жана тойдун керексиз чыгашалуу болуусу; спирттик ичимдиктердин баарына бирдей сатылуусу; үйлөнүү жана ажырашуулардын көптүгү ж. б.

Фейсбук баракчасында “Кыргызстан, сен менин жүрөгүмдү багындырдың” аттуу комментарий калтыруу менен бирге ушул бир эле сөзү менен өлкөбүздү аябай жактыргандыгын бөлүшүп өткөн Американын Миннесота штатынан келип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешкен Кортни Эйерс айым, кыргыз тилин эң сонун билерин, жада калса интервьюну да кыргызча бере ала тургандыгын айтып бизди аябай кубандырды. Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок кыргыз тилин такыр билбеген “киргиз” досторубуздан айырмаланып аз убакыттын ичинде тилибизди үйрөнүүгө жетишкен Кортни айым намысыбызды ойготту.

Кортни Эйерс айым Кыргызстанда 2 жыл жашап кеткендигин, кыргыздардын үйүндө абдан жакшы конок болгондугун, өзгөчө кыргыз элинин меймандос калк экендигин дагы бир жолу тастыктап өттү.

Кыргыздардын палоо тамагын аябай жактырганын, өлкөбүздө жашап жүрүп палоо, дымдама, лагман, чүчбара жана манты тамактарын жасаганды үйрөнгөнүн, азыр да аябай даамдуу жасарын “Кабар” агенттигине бөлүшкөн Кортни айым: “Кыргыздар менен бир дасторкон үстүндө чай ичүүнү абдан жактырам”,- деди.

Кортни айым “Кыргызстанды ойлогонумда өз үйүм эсиме түшөт. Кыргызстан менин үйүм болуп калды, жүрөгүм ар дайым ал өлкөдө”, - деп жыйынтыктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Тарых бөлүмүн аяктаган, азыркы убакта ошол эле бөлүмдө магистратурасын улантып жаткан Түркиялык студент Ясин Алтынок алгачкы келишиндеги жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:

“Жаңы келгенимдеги жана азыркы Кыргызстан арасында бир топ өзгөчөлүктөр бар. Тагыраак айтканда, өлкөнүн өнүккөнүнө күбө болуудабыз. Алгач келгенибизде адамдар (кыргыз студенттери) аябай ишенчээк, эмнени укса ошонун баарына жаш баладай ишенип туура көрүп алчу. Ал эми азыр андай эмес. Кыргызстанда мурдагыга караганда абал бир топ жакшырды”, - дейт ал.

Сүйгөн кыргыз улуттук тамак-аштары менен ичимдиктерин сураганыбызда шоро, чалап, ал эми тамактардан куурдакты сүйүп жерин бөлүшүп өттү.

Кыргыздардын каада-салттары тууралуу суроо узатканыбызда Ясин мырза бул убакка чейин сакталып дале болсо эл арасында кызуу колдонулган калың маселеси тууралуу кеп салды. “21-кылымда жашап жатсак да, бул салттын жоголбогону мени аябай таң калтырды. Түрк калкында да бул салт болгон, бирок мамлекет курулгандан кийин бул салт жоюлган. Түркияда кыздын колун сурап барган убакта калың тууралуу сөз сала турган болсоң, сурап барган кыздан өмүр бою кол жууп каласың”,-дейт Ясин мырза.

- Эгерде бул жакта калуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо калат белеңиз?

- Ооба бул жакта калат болчумун. Ансыз да бул жакта 6 жыл жашап койдум. Эгер калуу мүмкүнчүлүгү келсе албетте калмакмын.

Кыргызстанда кайсы жерлерге барганына кызыкканыбызда Ысык-Көл менен Таласты көргөндүгүн, ар бир жердин өзүнчө сулуулугу болорун, бирок Таласты аябай жактырганын айтып өттү.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери бир нече оор убакыттарды башынан кечирди. Бирок бул кыйынчылыктарга карабастан, өлкөбүз өнүгүү жолунда. Кыргызстандын эшиги ар дайым баарына ачык.

Кыргызстанга кош келиңиздер!

"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги

Айпери Бекмырзаева.

Пикир

Оставить комментарий