• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ж. Разаков: Кыргызстан ЖККУнун көп функционалдуу аймактык түзүмгө айланышына кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 8-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан ЖККУнун ага мүчө өлкөлөрдө комплекстүү коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү, көп функционалдуу аймактык түзүмгө айланышына кызыкдар. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун аскерий-экономикалык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык комиссиясынын 15-жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кызматташтыгына чоң маани берет. Кыргыз тарапка ЖККУнун алкагында аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташтык маанилүү.

“ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана аймактарда туруктуулукту сактоо максатында, уюмдун алкагында саясий-аскердик, аскерий-техникалык тармакта кызматташуу зарыл”, - деп .

Ошондой эле, Ж. Разаков Кыргызстан ишкана, уюмдар ортосунда коргоо-өнөр жай комплекстеринин жана Кыргызстандын аймагында биргелешкен аскерий тармакка багытталган жабдыктарды өндүрүүчү ишканаларды ачууга кызыкдар экенин билдирди. “Бул өз кезегинде Кыргызстанда бир катар мекемелердин ишин жандантууга, өндүрүлгөн товардын көлөмүн көбөйтүүгө, аны экспортко чыгарууга жана жарандардын иш менен камсыз болуусуна алып келет.

Ж. Разаков бүгүн талкууланып жаткан тема ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташуусунун өнүгүшүнө, тереңдешине шарт түзөрүн белгиледи.

“Учурда дээрлик бардык өлкөлөрдө, улуттук, жамааттык коопсуздукка зыян алып келе турган, заманбап маалымат технологияларынын жардамы менен жасалып жаткан кылмыштардын саны өсүүдө. Биз муну менен ЖККУнун алкагында биргелешип күрөшсөк, сөзсүз натыйжалуулукка жетишебиз”,-деп кошумчалады вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий