• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жүргүнчү аялга кол көтөргөн маршрутканын айдоочусу кечирим сурады – видео

Коом 0


Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Жүргүнчү аялга кол көтөргөн маршрутканын айдоочусу 58 жаштагы бишкектин тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, 1-октябрда социалдык тармактарга айдоочу менен жүргүнчүнүн урушу чагылдырылган видео жайгаштырылган. Видеонун автору айдоочу агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, жүргүнчү аялга кол көтөргөнүн айткан.

Аталган факт боюнча окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн тиешелүү кызматкерлер тарабынан окуяга шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1960-жылы төрөлгөн КРнын жараны К. К. Кармалган. Ал “Хост” ЖЧКсынын Кара-Балта–Бишкек маршруту боюнча жүргөн 302-маршруткасынын айдоочусу экендиги аныкталган.

Сүйлөшүү учурунда айдоочу өзүнүн орой мамилесин моюнга алып, жабырлануучуга аны кечирүүсүн суранып кайрылуу жасаган.

Учурда бардык чогултулган материалдар Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тергөө иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий