• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жүргүнчүлөрдүн эсине! Жалал-Абад шаарында бир катар каттамдардын токтоочу жайы жылдырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги бир катар каттамдардын орундарын жылдырды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр Эрнисбек Ормоковдун эл менен болгон жолугушуусунда жашоочулар тарабынан кайрылуу түшкөн. Алар №101 (шаар ичи), №109 (Көк-Арт), №103 (Төш-Кутчу), №111, 112 (Тайгараев) багытындагы каттамдардын калаа борборундагы токтоочу жайын өзгөртүп берүүнү суранышкан.

“Анткени бул кичи автобустар Нагима Айтматова көчөсүнүн базарга бет маңдай бөлүгүндө көчөнүн экинчи тарабында токтоп келген. Жүргүнчүлөр базардан чыгып маршруттук каттамга жетүү үчүн темир тосмону айланып же жер астынан өтүүчү өтмөк аркылуу өткөн. Бул кары-картаңдарга, жаш балалууларга бир топ ыңгайсыз болгон. Шаар башчысы кайрылууларды эске алып жогорудагы маршруттук каттамдарды борбордук базардын кире бериш бөлүгүнө жакын жерге жылдырды”, - деп белгилешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий