• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка кырсыкка учурап, өспүрүм кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Кечээ Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, анда 15 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 17:00дөр чамасында №326 маршрутка батышкан түштүктү карай бара жатып, Бишкек-Камышанов трассасында МТ380 тракторду сүзүп алган.

Кырсыктын натыйжасында 2003-жылкы кыз каза болуп, 1996-1999-2003-жылы туулган жарандар жабыркага, алардын бардыгы маршрутканын жүргүнчүлөрү болгон.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий