• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жүргүнчүлөрдү троллейбуска жолдун чок ортосунан салган айдоочуга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. № 7 троллейбустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү жолдун чок ортосунан салып административдик айыпка тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февралда Анкара көчөсүндө күбө троллейбустун айдоочусу арасында балдар бар жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана саламаттыгына коркунуч келтирүү менен тиешелүү эмес жерден токтогонун видеого тартып алган.

Айдоочуга салынган айыптын суммасы айтылган жок.

Белгилүү болгондой Бишкекте коомдук унаалардын жолдун ортосуна жана токтоо кесилиштерине токтоп, жүргүнчүлөрдү түшүрүп, авариялык жагдайларды жараткан учурлары аз эмес.

Пикир

Оставить комментарий