• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жүзү сары, өзү кыргыз! Жаш баланын манас айтуусу соцтармактын колдонуучуларын таң калтырды

Маданият 0


Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык жаш баланын "Манас" эпосун айтып жаткан видео facebook колдонуучуларын таң калтырды.

Тасманын каарманы Вальдемар Феньков (Valdemar Fenkov) өзүнүн баракчасына тасманы жүктөгөн. Малдаш токунуп алып Манас айтып жатканын көрүүгө болот.

"Манас" эпосу, мен басымдуу бөлүгүн жаттап алдым", - деп жазат ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары аны колдоп, "Ырдайлы кыргыз ырларын" теле-көрсөтүүсүнө да чакырышкан.

Пикир

Оставить комментарий