• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы: Жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан Чокморов көчөсүндө жайгашкан чиркегич алынды

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан Бишкектин Чокморов көчөсүндө жайгашкан чиркегич алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, трейлер Чокморов көчөсүнүн боюнда Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрүнүн ортосунда, №6 мектеп-гимназиясынын маңдайында жайгашкан.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери, Бишкек ШИИБ менен биргеликте тез арада жерине барып, дөңгөлөктүү коммерциялык объект жол эрежесин одоно бузуу менен орнотулганын аныктады. Трейлер эвакуацияланды.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге өтө жакын орнотулган, өзгөчө түнкүсүн жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн коркунуч алып келген трейлер тууралуу видео таралган.

Пикир

Оставить комментарий