• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-мартында болжол менен саат 11:30дар чамасында белгисиз айдоочу автоунаасы менен Садырбаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Семетей көчөсүнүн кесилишинен 2008-жылы туулган А.Б. аттуу өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден кетип калган.

Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, №3 балдар ооруканасына кайрылган.

Ыкчам издөө иш-аракетинин натыйжасында милиция тарабынан 2020-жылдын 7-мартында “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1965-жылы туулган Э.Т. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий