• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ж.Акаев: Кыргызстандын азык-түлүктөрү экологиялык жактан таза экендиги боюнча маалыматтык кампания жүргүзүлүшү зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында республикадагы социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева КР Президенттин шайлоо ачык-айкын өткөндүгүн, анын жыйынтыгын бир топ эл аралык байкоочулар тарабынан таанылганын билдирип: “Бул шайлоо менен Кыргызстан демократиялык жолдо баратканы дагы бир ирет бекемделди”,- дейт.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга депутат Жанарбек Акаев токтолду. Анын белгилөөсүндө, казак тараптын чек арада көзөмөл-өткөрүү режимин күчөтүшү менен көптөгөн ишкерлер жабыр тартып, чыгымга учуроодо. Мындан сырткары, ал Казакстан жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандан келген айыл чарба өнүмдөрү ар кандай ооруларды алып келиши мүмкүндүгү боюнча маалымат тараткандыгын айтып, “Кыргызстандын азык-түлүктөрү экологиялык жактан таза экендиги боюнча маалыматтык кампания жүргүзүлүшү зарыл,- дейт. ”

“Боордош эл менен болгон чек арада түзүлгөн кырдаалдын ыкчам чечилишине эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттык достук топтору дагы тартылышы керек”,- дейт депутат Алтынай Өмүрбекова.

Депутат Аида Исмаилова наркотикалык жана психотроптук дары-дармектер менен камсыздоо боюнча маселе көтөрүп, “Мындай дары-дармектерди колдонуу, сактоо жаатында эреже бузуулар бар. Дары-дармек департаменти дарылардын сапатын эски ыкма менен же үстүрдөдөн эле текшерүүдө. Тыкыр көзөмөлгө алуу керек”,- дейт ал.

2011-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жер титирөөдө райондун ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) имараты да жабыркаган. Депутат Мурадыл Мадеминов РИИБ имараты дале авариялык абалда экенин билдирип, келерки жылдын бюджетинен аны калыбына келтирүүгө каражат бөлүүнү Өкмөткө багыттады.

Калк таза суу менен камсыздалбай, эл арасында ар кандай тери, ичеги-карын, гепатит, астма оорулары пайда болууда. Ошентип, таза суу менен камсыздоо биринчи кезекте элдин саламаттыгына түздөн түз таасир этүүдө. Депутат Сайдолимжан Жураев Кадамжай районундагы Үч-Коргон, Масалиев айыл өкмөттөрүндө таза суу жок, эл айдоо жерлерин сугарган, химиялык жер семирткичтер кошулган суудан ичип, ар кандай оорулар чыгып жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий