• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ж.Разаков аскерге жазгы чакыруунун жүрүшү боюнча пландан тышкаркы текшерүү өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин республикалык жыйын пунктуна күтүүсүз барып, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүндөгү аскерге жазгы чакыруунун жүрүшү боюнча пландан тышкаркы текшерүү өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков аскерге жөнөрдүн алдында медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан жоокерлер менен баарлашты.

Текшерүү учурунда аскерге чакыруу пунктунда 50дөй адам болгон, алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмүнө кызмат өтөө үчүн барышат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү вице-премьер-министрге бардык аскерге чакырылгандар каалоосу менен кызмат өтөөгө кетип жатканын билдирди. Алар ошондой эле акыркы кезде өз каалоосу менен аскерди таштап кеткендер дээрлик жокко эсе экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков медициналык персоналдар жана республикалык аскерге чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү менен да сүйлөшүулөрдү өткөрдү.

Республикалык аскерге чакыруу комиссиясынын төрагасы, полковник Арстан Керималиев жазгы аскерге чакыруунун жүрүшү жана Куралдуу Күчтөрүнүн буйруктарына ылайык жана башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук, жарандар үчүн талаптар боюнча аскердик кызматка чакырылуусу жана тандоо тартиби тууралуу маалымат берди.

Жеңиш Разаков ошондой эле республикалык жыйын пунктунун аймагындагы казармалык бөлмөлөрдүн абалы менен таанышты.

Танышуунун жыйынтыгында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине аскерге чакырылыгандарга көзөмөлдү күчөтүү жана алардын күнүмдүк аскердик кызмат өтөөсү үчүн бардык шарттарды жакшыртууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий