• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ж.Разаков: Чек арада жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө бардык мамлекеттик органдар активдүү катышуусу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. «Чек арада жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө бардык мамлекеттик органдар активдүү катышуусу керек. Республикадагы өзгөчө макамга ээ болгон айылдардын өнүгүү программасы болуусу зарыл», – деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 25-мартта өткүн жыйында.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жыйында өлкө аймагындагы өзгөчө макамга ээ болгон, чек арада жайгашкан аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын ишке ашыруунун экинчи этабындагы иш чаралар планын иштеп чыгуу маселесик аралды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2017-2021-жылдар аралыгында чек арада жайгашкан өзгөчө статуска ээ болгон аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча кабыл алынган мамлекеттик программанын 2-этабын ишке ашыруу зарыл.

Жеңиш Разаков чек арага чектеш айылдардын коопсуздугун сактоо, ар кандай чыр-чатактардын алдын алууда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштеринин мааниси чоң экендигин эске салды. Ошондуктан бул багыттагы иштер ыраттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек.

Жыйынтыгында тийиштүү мамалекеттик органдар менен ведомстволорго 15 күндүн аралыгында Кыргыз Республикасында өзгөчө статуска ээ болгон, чек арага жакын жайгашкан аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик Программаны ишке ашыруунун 2-этабындагы иш чаралардын Планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча чек арада жайгашкан өзгөчө статуска ээ болгон 61 айыл, 8 участок бар.

Пикир

Оставить комментарий