• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ж.Разаков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу жана Курбу-Таш айылдарына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 22-майда, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу жана Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Курбу-Таш айылына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков буга чейин жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча Премьер-министр тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерди.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Садыков менен Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү өз тармактары боюнча жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштер тууралуу толук маалымат беришти.

Вице-премьер-министр келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн, тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барышы керектигин эскертти.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундарга колдоо көрсөтүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине буга чейин Өкмөт башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде бул багытта иштерди өз убагында жана так көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин аткарууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий