• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңгак плантацияларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Кыргыз Республикасында жаӊгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, Д. Жумабеков, Б. Торобаев, А. Жээнбеков, А.Узакбаев, Р.Туманбаева, А.Эргешов, Т.Масабиров, А. Алтынбеков жана А.Жунус уулу .

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева мыйзам долбоорунун максаты жогорку түшүм алууга багытталган жаңгак плантацияларын түзүү, жаңгак көчөттөрүнүн генофондусун коргоо жана сырттан алынып келинчү жаңгак көчөттөрүнүн сортторуна көзөмөлдү күчөтүү экендигин белгиледи.

Айыл өкмөттөрүнүн жерлеринде жаңгак плантацияларын түзүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жаңгак дарактарын кароо, бутап-кыюу, эмдөө, курт-кумурскалардан коргоо жана башка иш-чараларды колго алуу менен жаңгак өндүрүүнүн бардык технологиялык звенолорун пайдалануу аркылуу жогорку деңгээлде аткарылууга тийиш экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий