• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы 132 учур. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2789га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 132 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында 48 кишиден (төртөө башка шаардан келген), Чүй облусунда − 38, Ош шаарында − 13, Ош облусунда −12, Жалал-Абад облусунда – 11, Нарында – 6 жана Талас облусунда 4 адамдан коронавирус табылган.

Жаңы учурлардын 66сында коронавирус байланышта болуп, көзөмөлдө турган жарандардын арасында табылган. Сырттан келген жарандардын арасында 7 кишиден коронавирус аныкталган – алардын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бар. 59 учурда бейтап ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус жуктурган 132 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2789ду түзөт. Алардын ичинен 1961 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий