• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы 170 учур. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3151ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 170 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3151ге жетти.

Бишкек шаарында 56 кишиден, Чүй облусунда − 43, Ош шаарында − 14, Ош облусунда − 22, Ысык-Көл олусунда – 15, Баткенде – 1 жана Жалал-Абад облусунда 19 адамдан коронавирус аныкталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3151ди түзөт. Алардын ичинен 2011 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 37 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий