• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жаңы 186 учур. Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын саны 42 миң 889га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 22-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 186 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 889 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 51
  • Ош – 3
  • Чүй облусу – 12
  • Ош облусу - 25
  • Талас облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 35
  • Жалал-Абад облусу – 36
  • Баткен облусу - 16

Пикир

Оставить комментарий