• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы 250 учур. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 4204кө жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. 26-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 250 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында 105 кишиден, Чүй облусунда − 61, Ош шаарында − 47, Ош облусунда − 19, Нарында – 1, Ысык-Көлдө – 2, Таласта – 1, Баткенде − 2 жана Жалал-Абад облусунда 12 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-июнга карата коронавирус жуктурган 250 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4204тү түзөт. Алардын ичинен 2162 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий