Жаңы 90 учур. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2562ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, Бишкек шаарында 36 кишиден, Чүй облусунда − 29, Ош шаарында − 7, Ош облусунда − 6, Ысык-Көл облусунда − 3, Баткенде −3 жана Талас облусунда 6 адамдан коронавирус табылган.

“Жаңы учурлардын 42синде оору байланышта болгондордун арасында табылды. 12 киши сырттан келгендер. 36 учурда бейтап ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2562ни түзөт. Алардын ичинен 1901 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий