• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы 921 учур. Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын саны 31 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 24-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 921 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 31 миң 247 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 273
  • Ош – 75
  • Чүй облусу – 140
  • Ош облусу - 91
  • Талас облусу - 25
  • Нарын облусу – 22
  • Ысык-Көл облусу – 107
  • Жалал-Абад облусу – 138
  • Баткен облусу - 50

Пикир

Оставить комментарий