• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жаңы административдик-процессуалдык кодексте “дед” жана “бабка” сөздөрү колдонулган

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Жаңы административдик-процессуалдык кодексте “дед” жана “бабка” деген сөздөр колдонулган. Мындай маалымат социалдык түйүндөрдө жарыяланган.

Филологиялык ката административдик-процессуалдык кодекстин 62-беренесинде кеткен. Ал жерде күбө боло албаган адамдар жөнүндө айтылат.

Аталган берененин 5-пунктунда «Дед, бабка против внуков и внуки против деда, бабки» деп жазылган.

Юридикалык суроолор боюнча эксперт Светлана Осауленконун айтымында, бул филологиялык ката беренени колдонууда юридикалык жактан таасир бербейт.

“Бул принципиалдуу түрдө эч нерсени өзгөртпөйт. Юридикалык жактан бул сөздөр эч кандай таасир бербейт, албетте бул сөздөр адамдарга орой угулат”,-деди Осауленко.

Пикир

Оставить комментарий