• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын жазында бериле баштайт, баалары азыркыдан төмөн болот

Коом 0

Бишкек, 02.10.18 /Кабар/. 2019-жылдын жазында Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн берүү пландалууда. Алар айдоочун өздүгүн аныктоонун эл аралык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсүнүн баасы бүгүнкү күндөгүдөн арзаныраак болот, канча сом болору азырынча тактала элек.

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жаңы үлгү жакшыртылган дизайн менен жасалып, бир нече коргоочу элементтери болот. Документтерди даярдоо жана тапшыруу процесси кайрадан толугу менен каралып чыгат.

Жаңы күбөлүктөр жогорку сапаттуу желимден даярдалат, ал эми анын ээси тууралуу маалыматтар лазерь менен жазылат. Мындай жазууну өчүрүү жана жасап алуу кыйын болот. Бул Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болот. Пландалган жарак мөөнөтү 10 жыл.

Пикир

Оставить комментарий