• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр төрт күн ичинде даярдалат

Коом 0

Бишкек, 19.12.19 ./Кабар/. Жаңы айдоочулук күбөлүктөр төрт күн ичинде даярдалат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Унаа" ишканасынын директору Алымжан Козубаев билдирди.

"Күбөлүктөрдү "Инфоком" мамлекеттик ишканасы берет. Төрт күн ичинде жасалып, даяр болгон айдоочулук күбөлүк почта аркылуу төрт күндүн ичинде жеткирилет. Андан тышкары, күбөлүк даяр болгондо документин калтырып кеткен жаранга телефон аркылуу билдирүү жөнөтүлөт", - деди ал.

Аны менен бирге Козубаев, учурда айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары мурдагыдан арзандаганын айтып өттү.

"Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары мурда 12 евро (980) болсо, бүгүн ал 100,88 сом турат. Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн бланктары 7,8 евро турса, бүгүн 52 сом болду. Андан тышкары, техпаспорттордун бланкы 10 евро болсо, учурда анын баасы 192 сомду түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий