• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот, - деп билдирди президент менен болгон жолугушуусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов.

Анын айтуусунда, учурда МКК калктын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө өтүү процессине даярдык көрүп жатат.

«Жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. Буга чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенчү, эми бул долбоорду МКК ишке ашырат», — деди Алмаз Мамбетов.

МКК төрагасы жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизгенге чейин бул документти биринчи жолу же жаңыдан алып жаткандар үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилерин баса белгиледи.

Алмаз Мамбетов жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо жүргүзүлөрүн, ошондой эле өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий