• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Жаңы-Алайда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылындагы 225 орундуу С.Ашимов атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдалууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин салтанаттуу ачылышына президенттин облустагы өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, мектеп жамаатын жана окуучуларды куттуктады.

“С.Ашимов орто мектеби жаңы имараттуу болушу менен мектеп жамаатын жана окуучуларды куттуктайм. Буйруса бул жердеги окуучулардын билим алуусу үчүн жакшы шарт түзүлдү. Заманбап окуу бөлмөлөрү, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы да бар экен. Бул мектептен татыктуу билим алган окуучулар жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты инсандар чыгат деп ишенем”, - деди Зиядин Жамалдинов

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Эки кабаттуу жаңы имаратта окуу корпусу, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы бар. Курулуштун сметалык баасы 61 миллион 103 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий