• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы алгоритм киргенге чейин карантинге алынгандар 14 күн обсервацияда болушат – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Жаңы алгоритм киргенге чейин карантинге алынгандар 14 күн обсервацияда болушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, КР Саламаттык сактоо министрлиги иш-аракеттер алгоритмине өзгөртүү киргизип, 22-марттан тарта биринчи жана экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервацияга алуу чечимин кабыл алган. Министрликтен белгилешкендей, келген жарандарда коронавируска текшерүүнүн жыйынтыгы таза чыкса, алар үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Буга чейин биринчи категориядагы өлкөлөрдөн келгендер 14 күнгө обсервацияга жаткырылса, 2 категориядан келгендер оорунун белгилери болбогон учурда 14 күндүк үй карантиние жөнөтүлчү.

Мындан улам Акматовага жаңы алгоритм күчүнө кире электе карантинге алынгандар оорунун белгилери болбосо жана карантинге алынганынан бери 3 күн өтсө үйгө чыгарылабы деген суроо узатылды.

"Жаңы алгоритм киргенге чейин келгендер милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушат", - деди ал.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий