• 80.28
  • 84.36
  • 1.24

Жаңы антирекорд: Дүйнөдө акыркы суткада 3,7 млн адамдан COVID-19 аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Дүйнөдө сутка ичинде коронавирусту жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу ЖМКлар ДССУга шилтеме берип жазышкан.

ДССУнун маалыматына ылайык, кайрадан антирекорд коюлду, акыркы 24 саатта ооругандардын саны 3 млн 777 миң 104 адамга өстү.

Пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 5 млн 560 миң 718 адамды түздү. Акыркы 24 саатта COVID-19дан 8 миң 741 адам каза болду.

Вирус жуктургандардын көбү АКШда - 67 млн 437 миң 353, андан кийин Индияда - 38 млн 218 миң 773, Францияда - 14 млн 779 миң 277 адам аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий