• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус: Жаӊы аныкталган 26 учур кайсы район-шаарларда экени айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жаңы аныкталган 26 учурдун 15и - Ош облусунда жана 11и - Жалал-Абад облусунда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаӊы аныкталган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 9;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 2;

Ош шаарында – 1;

Ош облусунун Кара-Суу районунда – 8;

Ош облусунун Ноокат районунда – 6.

Бардыгы болуп Ош облусунда – 15 учур жана Жалал-Абад облусунда – 11 учур.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий