• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы автобус жана троллейбустар: Калаа башчы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу айтты

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Бишкекке жылдын аягына чейин 150 жаңы автобус жана 52 троллейбус алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтуусунда, бул жылы өлкө боюнча коомдук автоунааларга электрондук билеттерди киргизүү пландалып жатат.

“Электрондук билеттештирүү - бул билет алуунун эң жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү, телефонго бирдик салгандай эле. Терминалдар аялдамаларга орнотулат. Учурда биз муну активдүү түрдө ишке киргизүүдөбүз. Жаңы аялдама, автобус жана троллейбустар ишканадан билеттерди окуй турган жабдыктары менен даяр болуп келет”,-деп билдирди Ибраимов.

Калаа башчы кошумчалагандай, сентябрь айында шаарга газ менен иштей турган 150 жаңы автобус алынып келинет. Ал эми июлда каттамга 52 жаңы троллейбус чыгат.

Мындай система Казакстанда иштейт, жарандар “Оңой” карточкасын алып, жүргүнчүлүк төлөмдү ошол аркылуу төлөп келишет.

Пикир

Оставить комментарий