• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы автобустар, сервистик тейлөө борборун ачуу. Акылбек Жапаров менен Кытайдын элчиси жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1 500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.

Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий