• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаӊы бекитилген реестрге ылайык, саясий кызматтарга кирген кызмат орундарынын саны кыскартылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште бир катар жарандардын кайрылууларына байланыштуу КР Эмгек кодексинин 427-беренесинин Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү иши боюнча КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р чечимин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан “КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

2016-жылы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттик кызматтарды саясий жана атайын кызматка киргизүү маселелери жөнгө салынган, ошондой эле саясий-аныктоо ыйгарым укуктары бар болгонго негизделип саясий жана административдик мамлекеттик кызматтарды чектөөнүн жаңы принциби киргизилген.

Мындан тышкары, Конституциялык палатанын аталган чечиминде баса көрсөтүлгөндөй, КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик кызмат орундарынын реестринде мамлекеттик саясий кызматтын ашыкча кызмат орундары негизсиз камтылып калган.

Мына ушундай жагдайларды эске алуу менен, КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы Жарлыгы менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы реестри бекитилип, мамлекеттик кызмат орундарын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын категориясына которуу менен, саясий кызматтарга кирген мамлекеттик кызмат орундарынын саны кыскартылды.

Ошондон улам, Эмгек кодексинин 427-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Ага ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет.

Пикир

Оставить комментарий