• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары ант беришти

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. КР Жогорку сотунда президенттин 5-февралдагы ПЖ № 22 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган соттору:

Ош облустук сотуна: Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович;

Өзгөн райондук сотуна: Жоробаева Гульнархан Чырмашовна;

Ош шаардык сотуна: Абдыразаков Нурлан Тажибаевич;

Бишкек шаары:

Свердлов райондук сотуна: Чикеева Жамиля Марсбековна;

Жалал-Абад облусу:

Аксы райондук сотуна: Жантороева Элнура Мурадиловна;

Сузак райондук сотуна: Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич;

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна: Мусаева Айке Рахманбердиевна;

Ысык-Көл облусу:

Ак-Суу райондук сотуна: Мамыров Эльдарбек Джекшебаевич;

Каракол шаардык сотуна: Акыев Каныбек Арзыбекович;

Талас облусу:

Бакай-Ата райондук сотуна: Эгембердиева Ойниса Муратхановна;

Манас райондук сотуна: Тилемишов Азамат Жайчыбекович;

Талас шаардык сотуна: Султанов Эсенбек Ахматкулович;

Талас райондук сотуна: Акылбеков Тариэл Назирдинович.

"КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жаңы дайындалган сотторду куттуктап, берген антка бек турууга, мыйзамды так сактоого жана акыйкаттык издеп келген жарандарга сый мамиледе болууга чакырды", - деп билдиришти Жогорку соттон.

Пикир

Оставить комментарий