• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары ант беришти

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен судьялык кызматка дайындалган судьялар салтанаттуу ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык Бишкек шаардык сотуна Дамир Молоев, Чүй облустук сотуна Дамира Балкыбекова менен Эрмек Нурманбетов дайындалса, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна Нурила Култаева дайындалды. Ал эми Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна Жолдошбек Кумашев менен Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Элмира Карабекова дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Джамашева судьяларга ийгилик каалап, дайыма мыйзамга таянып адилеттүү чечимдерди кабыл алууга тилектештигин билдирип куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий