• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жаңы даярдалып жаткан ооруканаларга меджабдыктарды алууга 349 млн сом бөлүндү - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Жаңы даярдалып жаткан ооруканаларга медициналык жабдыктарды алып берүү үчүн 349 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, күзгө карата өлкө боюнча 11 оорукана даярдалат.

"Аларга керектүү медициналык жабдыктарды алып берүү үчүн бюджеттен 349 млн сом бөлүндү. Имараттар салынып, ондолуп бүткөн убакка карата медициналык жабдыктарды камдап койгон жетишишибиз керек. Ошондой эле ачыла турган ооруканаларга медициналык кызматкерлерди табуу боюнча тапшырмалар берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий