• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жаңы депутат Авазбек Абдугапаров парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Авазбек Абдугапаров ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал «Кыргызалтын» компаниясынын башчылыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий